15:44
USD 87.45
EUR 100.86
RUB 1.06

Былтыр Акыйкатчы институтуна жарандардан сотко байланышкан 816 арыз түшкөн

2025-жылы Акыйкатчы институтуна сот өндүрүшүндө укуктарын коргоо өтүнүчү менен жарандардан 816 арыз-даттануу түшкөн. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыздардын басымдуу бөлүгүндө жарандар сот чечимине макул эместигин билдиришкен.

Кайрылуулардын негизги багыттары:

  • 57 жаран — укуктук кеңеш сурап кайрылган;
  • 56 арыз — алимент өндүрүүгө байланыштуу;
  • 35 кайрылуу — судьялардын аракеттерине жана аракетсиздигине даттануу;
  • 19 арыз — сот аткаруучуларынын ишине баа берүү өтүнүчү.

Жыл ичинде Акыйкатчы институту тарабынан жалпысынан 572 сот процессине мониторинг жүргүзүлгөн.

Анын ичинен:

  • 57,8% (342 иште) — кылмыш иштери;
  • 32,9% (193 иште) — жарандык иштер;
  • 9,6% — административдик иштер боюнча соттук териштирүүлөр.

Талдоо көрсөткөндөй, мониторинг жүргүзүлгөн ар бир экинчи соттук отурум белгиленген убакыттан кеч башталган. Ал эми 270 сот отурумунун ичинен 112си (41,5%) башка күнгө жылдырылган.

Бул сот органдарынын уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди көрсөтүп, сот өндүрүшүнүн создуктурулушуна жана жарандардын сот адилеттигине жетүү укугун чектөөгө алып келет. Процесстердин үзгүлтүккө учуроосуна судьялардын бошобой жаткандыгы, катышуучулардын келбей калышы жана сот залдарынын жетишсиздиги себеп болгон.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аталган кемчиликтерди жоюу боюнча Жогорку сотко сунуштарды жөнөттү. Анда соттук отурумдардын графигин сактоо, иштерди создуктурбоо жана бардык сот залдарын аудио-видео жазуу каражаттары менен толук жабдуу зарылдыгы белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар