Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн дагы 142 кыргызстандык мекенге кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
ТИМ Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн жарандарды кайтаруу иш-чараларынын кезектеги этабын аяктады.
Кечээ, 15-мартта саат 06:30да «Манас» эл аралык аэропортуна Сауд Аравия Падышалыгынан 142 кыргызстандык менен атайын учак ийгиликтүү келип конду. Буга чейин маалымдалгандай, иш-чаранын биринчи этабында Кувейт, Бахрейн жана Катар мамлекеттеринде жүргөн жарандарыбыз атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген.
Министрлик кооптуу аймактардан жарандарды мекенине кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кошумча маалымат берип турат.
Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги кырдаал толук турукташканга чейин жарандарды аталган өлкөлөргө убактылуу баруудан карманууга дагы бир ирет чакырат.

