16:12
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.12

Бишкекте кайрадан тамак-аштан массалык уулануу катталды

Бишкекте кайрадан массалык тамак-аштан уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 13 адам медициналык жардамга кайрылган. Алардын 11 ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга алынды.

Учурда бардык жабырлануучулар зарыл болгон медициналык жардамды алып жатышат.

Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, ууланган адамдар «Буффет» кафетериясында даярдалган тамак-ашты жешкен.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери мекемени пландан тышкаркы текшерүүдөн өткөрүп, лабораториялык текшерүү үчүн продукциянын үлгүлөрүн алышкан.

Аныкталган эреже бузуулар боюнча протокол түзүлдү. 23 миң сом айып пул салынып, кафетериянын ишин 11-марттан баштап убактылуу токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды.

Эпидемиологиялык иликтөө уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар