2025-жылы Кыргызстанга которулган акчанын жалпы көлөмү 3,491,2 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Белгилей кетсек, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келип, жалпысынан 3,293 миллиард долларды түзгөн. Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн агым 198 миллион долларды түзгөн.
Ошол эле учурда, жыл аягында Кыргызстандагы акча которуулардын көлөмү 373,7 миллион долларды түздү, анын ичинен 340,4 миллион доллар КМШ өлкөлөрүнө, ал эми 33,4 миллион доллары КМШдан тышкаркы өлкөлөргө кеткен.

