12:07
USD 87.45
EUR 101.43
RUB 1.13

Ак калпак күнү. Баш кийим тууралуу кызыктуу фактылар

5-март — Ак калпак күнү. Бул күндү белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан. Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган.

2019-жылы ак калпак Кыргызстандын атынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары ЮНЕСКОго катталган.

Калпак — бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эң ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жүргөндөр сезе алышат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат. Калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү.

Калпактын түрлөрү: «Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.

Жакшы жасалган калпактар ээси барктап кийсе 20 жылга чейин чыдайт.

Кыргызстандагы сакталып турган эң байыркы калпакка орточо эсеп менен алганда 300 жыл болду.

Жакшы жасалган калпак оңойлук менен бүктөлө бербейт. Төрт талаа менен гана бүктөп, салып алса болот.

Азалуу кишинин калпагынын төбөсү чөгөрүлүп (түшүп) турат. Кыргыз маданиятында адамдын кыймыл-аракети, кийип турган кийиминен эле көп нерсени билип койсо болот. Маселен, адамдын жакыны акка моюн сунганда калпагынын төбөсүн чөгөрүп кийгени. Муну байкаган башкалар ал кишиге аяр мамиле кылышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар