12:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош шаарында Ак калпак күнүн жөө жүрүш менен белгилешти

Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында «Улуттук кийимдер» жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ага 1 миң 500 активдүү жаштар, улуттук кийимчен апалар жана кыз-келиндер катышты.

Жөө жүрүштүн катышуучулары борбордук аянттан тарта, улуттук драма театрга чейин улуттук баалуулуктарды даңазалаган, патриоттук чакырыктар менен басышты.

Белгилей кетсек, быйыл Ак калпак күнүнүн он жылдыгы белгиленүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар