16:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бүгүн Ак калпак күнү. Улуттук баш кийим тууралуу кызыктуу фактылар

5-март -Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров. Бул күн 2016-жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. Анда ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай иш-чараларга катышат. 

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

24.kg агенттиги ак калпакка байланышкан фактыларды тизмектеди.

Калпакты ак кылган Каныкей

Эгер «Манас» эпосуна таяна турган болсок, анда Ак калпакка канайым Каныкейдин салымы зор.

«Каныкей энебизге чейин кыргыздар кара калпак кийип жүрчү экен. «Манаста» айтылат эмеспи, тармал ирик жыктырдым, таза жерге кырктырдым, кыздарга кылын тердирдим... деп калпактын жасалуусу жакшы баяндалат. Каныкей энебиз тартуулаган эң таза бул калпак эми кыяматка чейин кыргыздыкы болот», -деп айткан кытайлык белгилүү манасчы Жусуп Мамай. 

Калпактын түрлөрү

«Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот. 

Андан тышкары, жаш куракка жараша калпактын 2 түрү бар. «Бакай калпакты» (чоң калпак) жашы улгайып калган аксакалдар кийишсе, орто көлмөмдөгү калпактар жаштар үчүн.

Ак калпак тууралуу макал-лакаптар

«Калпакты жерге койбо», «Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң», «Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың».

Калпакты кантип кийген оң

Калпактын төбөсүн түшүрүп кийбеш керек. «Бул үйдө баш көтөрөөр эр бүлө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун айтканындай болом», — дегенди түшүндүрөт.

Калпактын оң кыргагын басып кийсе аялынан (эгер эркек үй-бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси.

Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып кийбеш керек. «Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алар каруу күч калбады», -дегенди билдирет.

Калпакка карата ыксыз жоруктар

2018-жылы Бишкекте иттердин көргөзмөсү өтүп анда итке калпак кийгизген айым интернетте чуу жараткан. Улуттук баш кийимди жаныбарга кийгизгендиги үчүн көпчүлүк нааразы болушкан. 

Ошондой эле, тойлордо дасторконго коюла турган козу гриллге дагы калпак кийгизген окуяны ыксыз жорук деп сындашкан.

Жогорку Кеңештин депутаты 2011-жылы Финляндияда жергиликтүү аткаминерлерге кыргыз калпагын берип, баняга кийинүү сунуштаганы үчүн сынга кабылган.

Эң чоң калпак

2016-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерди бийиктиги 3 метрге жакын калпакты жасашкан. Негизи бир калпакты жасоого 230 грамм кийиз кетет. 

Ак калпакты кийип сүрөткө түшкөндөрдүн арасында биринчи учкуч Юрий Гагарин, кытайлык актер Жеки Чан бар. 

Калпак жөнүндө уламыш

Биздин эранын 5-кылымдарында Алтайдан тартып, Грек, Рим мамлекеттерин багындырган Атилла (Бизде Адил) баатырдын жоокерлери бүтүндөй ак калпакчан жүргөндүгүн тарыхый булактардан көрөбүз. Анын далилдүү күбөсү катары 15-кылымда жарык көргөн Француз энциклопедиясында Атилланын атчан чабуул коюп бара жаткан калпакчан жоокерлеринин сүрөтү бар.

Эң көп окулган жаңылыктар