11:27
USD 87.45
EUR 101.65
RUB 1.13

«Ак калпак — кыргыз мурасы» аттуу жаштар форуму өтөт

2026-жылдын 5-мартында саат 13:30 К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин концерттик залында «Ак калпак — кыргыз мурасы» аттуу жаштар форуму өтөт.

Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийим күнү катары белгилөө жөнүндөгү токтомунун алкагында уюштурулууда.

Форумдун максаты — ак калпактын тарыхый-руханий маанисин даңазалоо, улуттук кийимдердин баалуулугун жайылтуу жана жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөө.

Иш-чарага Арслан Койчиев, Мелис Мураталиев, Кыяс Молдокасымов жана башка коомдук ишмерлер катышат. Форумдун алкагында баяндамалар жана маданий программа сунушталат.

Министрлик жалпы коомчулукту жана жаштарды форумга активдүү катышууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар