Кыргызстанда УКМКнын кызматкерине жалпысынан 200 грамм салмактагы эки алтын куймаларын пара катары берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-февралда УКМК тарабынан иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн атайын кызматтын кызматкерине пара катары алтын куймаларын берүү фактысы аныкталган.
Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

