Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

