Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-февралда өзүнүн жыйынында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Эскерте кетсек, Кундузбек Сулайманов № 14 шайлоо округунан шайланган. Ал жакында эле «Мекенчил» тобунун лидерлигинен кеткен. Анын ордуна Талант Мамытов шайланган.

