Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкектеги 6-башкармалыгынын башчысын камакка алды. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, ал коррупцияга шектелүүдө. Ал «Грудак» деген каймана ат менен белгилүү.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту А.Т.ны 15-апрелге чейин тергөө камагына камоо чечимин чыгарды. Тергөө материалдарынын негизинде камакка алынып, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.
Тергөө иштери уланууда. Тергөө органдары башкаруу түзүмүндөгү коррупциялык иштерге катышы болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоодо.

