13:48
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Камчыбек Ташиев убактылуу өлкөдөн чыгып кетти

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда «Region» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасында билдирип, атайын кызматтын мурдагы башчысынын «Манас» эл аралык аэропортунда жакындары менен коштошуп жаткан видеосун жарыялады.

Ал так себебин айткан эмес, бирок Ташиев убактылуу гана өлкөдөн кеткенин белгиледи. Видеодо чет өлкөдө болуу максаты жана мөөнөтү сыяктуу башка эч кандай маалымат жок.

Эске сала кетсек, Камчыбек Ташиевге байланыштуу кадрдык чечимдер мурда коомчулукта кызуу талкууланып келген. Ушул жагдайдан улам анын келечектеги пландары боюнча ар кандай версиялар пайда болгон.

Азырынча анын кетиши боюнча мамлекеттик органдардан расмий комментарийлер боло элек.

Эң көп окулган жаңылыктар