17:28
USD 87.45
EUR 103.13
RUB 1.14

Биологиялык активдүү кошумчалар колдонуудан баш тартуу сунушталды. Тизме

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жарандарга Евразия экономикалык биримдигинин Техникалык регламенттеринин талаптарына жооп бербеген биологиялык активдүү кошумчалар (БАК) жөнүндө эскертет жана аларды сатып алуудан, ошондой эле колдонуудан баш тартууну сунуштайт.

Маалыматка ылайык, төмөндөгү продуктулар биримдиктин «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 021/2011) жана «Тамак-аш продукциясынын маркаланышына карата талаптар» (ТР ТС 022/2011) техникалык регламенттерине жооп бербейт.

Натыйжада жарандарга төмөнкү кошумчаларды сатып алуудан жана колдонуудан баш тартуу сунушталат:

  • BioTechUSAVITAMIN D3;
  • Витамин D3 2000 МЕ ТМ NaturalSupp;
  • Strimex Vitamin D3 + K2″ (Strimex Sports Nutrition)
  • «Витамин D3 2000 МЕ» (холекальциферол);
  • "ULTRASUPPS Vitamin D3 & K2;
  • «Эфирдик таблеткалар. Мультивитаминдер+минералдар;
  • «Кальций + D3 витамини»;
  • OstroVit Vitamin D3 + K2;
  • UESUPPS Ultra Energy Vitamin D3 2000 IU;
  • «Тестостеронду жогорулатуучу комплекс»;
  • «2000 дисперсивдүү D3 витамини» (4FRESH Health);
  • Amino Energy (Амино Энерджи);
  • D3 витамин (холекальциферол) 2000 IU;
  • «Темир (хелат) / Iron;
  • Vitamin D3 + K2;
  • «Кальций Хелат»;
  • «Фьорд / Фьорд Норвегиялык крилл майы».

Көрсөтүлгөн каражаттарды мурда колдонгон адамдарга терс реакциялар пайда болгондо медициналык жардамга кайрылуу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
9-февраль, дүйшөмбү