Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык жөө күлүк 3000 метр аралыкта чуркоодо 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, экинчи орунду ээлеген. Ошол эле аралыкта Жусуп Сулайман уулу 8 мүнөт 23,71 секунд менен 5-орунду камсыз кылды.
Мелдештин биринчи күнүндө 800 метр аралыкта чуркоо боюнча Искендер Чокаев 1 мүнөт 56,83 секунд жыйынтык көрсөтүп, 10-орунду ээледи. Ал эми 400 метр аралыкта Руслан Литовский 49,57 секунд менен 14-орунга жайгашты.
Эске салсак, турнир 6-8-февраль күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жатат.

