Улуттук банк мыйзамдардын жана ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Оштогу жети акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын токтотту.
Лицензиясы токтотулган акча алмаштыруучу бюролор төмөнкүлөр:
- Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылы (болжол менен «Достук-Автожол» көзөмөл өткөрүү пункту) дарегинде жайгашкан «Форекс Голд» ЖЧКсы;
- Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1 дарегиндеги «Азиза ЛТД» ЖЧКсы;
- Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940а дарегинде жайгашкан «Осман» ЖЧКсы;
- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 643 дарегиндеги «Ойша Финанс» ЖЧКсы;
- Ош шаары, Алымбек Датка көчөсү, 940/1 дарегинде жайгашкан «Али Умар» алмашуу бюросу ЖЧКсы;
- Кара-Суу району, Андижан айылы, Курманжан Датка көчөсү (н/ж) дарегиндеги «М Юсуф» алмашуу бюросу ЖЧКсы;
- Кара-Суу району, Жаңы-Турмуш айылында жайгашкан «Аманат Береке» алмашуу бюросу ЖЧКсы.

