18:15
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир берди

2026-жылдын 23-январында УКМКнын төрагасы К.Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө, тагыраагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жубайлар оор каржылык абалынан улам турак жай менен жардам сурашкан. Жубайлар 2024-жылдын ноябрь айынан бери баш кошуп, ушул убакка чейин батирде жашап келишкен. Үй-бүлө башчысы курулушта иштейт.

Жаш үй-бүлөдө үч эмдин төрөлгөнүн эске алуу менен, ошондой эле өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртуу жана калктын өсүшүн колдоо максатында, генерал-полковник К.Ташиев тарабынан Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды.

Атайын кызматтын башчысы жубайларга чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады, ал эми жаш ата-энелер көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар