12:34
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Кыргыз тасмалары Дакка эл аралык кинофестивалында байгелүү орундарды ээледи

Кыргызстандык режиссерлордун тасмалары 24-Дакка эл аралык кинофестивалында (Бангладеш) байгелүү орундарды ээледи. Бул тууралуу кинофорумдун веб-сайтында жарыяланды.

Азиялык сынакта Эрке Жумакматова менен Эмил Атагелдиевдин «Курак» тасмасы «Мыкты тасма» деп табылды. «Мыкты сценарий» сыйлыгы Дастан Мадалбеков менен Айзада Бекбалаеванын «От» тасмасына ыйгарылды.

kyrgyzcinema.com
Фото kyrgyzcinema.com. "Курак" тасмасы эң мыкты тасма деп табылды.

Аял режиссёрлор бөлүмүндө Айзада Амангелди тарткан «Жетинчи ай» тасмасы эң мыкты режиссёрлук наамына ээ болду.

Айзада Бекбалаеванын «Күйөө» долбоору «Батыш менен Чыгыштын жолугушуусу» сценарий жазуу боюнча семинарда экинчи орунду ээледи.

Белгилей кетсек, Дакка эл аралык кинофестивалы Бангладештеги эң ириси. 1992-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан бул фестивал дүйнө жүзүндөгү кино сүйүүчүлөрдү өзүнө тартат. Анда ар кандай багыттагы жана жанрдагы тасмалардын көрсөтүлүшү, ошондой эле белгилүү режиссёрлор менен актерлордун катышуусундагы мастер-класстар жана талкуулар өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар