Бишкекте «Кыргызстан-1» конушу шаардын борбору менен байланыштырган жаңы автобус каттамы ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
159-маршрут аймактын тургундары үчүн ыңгайлуулукту жана жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында ишке киргизилди. Автобустар бекитилген маршруттук планга ылайык, «Кыргызстан-1» конушунан Эркиндик бульварындагы «Бишкек-2» темир жол бекетине чейин жүрөт.
Муниципалдык администрация жүргүнчүлөрдү коомдук транспортту этият колдонууга жана автобустарды таза кармоого чакырды.

