Таластын «Нирвана» сортундагы төө буурчагы 30дан ашык мамлекетке экспорттолот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас облусунда 2025-жылы 12 миң 183 гектар аянтка төө буурчак айдалып, өткөн жылга салыштырмалуу 319 гектарга көп.
Облуста төө буурчактын төрттөн ашык түрү өстүрүлүп, бүгүнкү күндө түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Ошентип, Орто-Арык айылында төө буурчакты жыйноо иштери активдүү башталды. Жергиликтүү тургундардын бири быйыл 1,5 гектар жерге Нирвана төө буурчагын эгип, жакшы түшүм алган. Орто эсеп менен 1 гектар жерден 1,5 тоннага жакын түшүм алууга болот.
Дыйкандын айтымында, базарда төө буурчактын килограммы 105-110 сомдон сатылууда. Түшүм жыйноо техниканын жардамы менен жүргүзүлүүдө: 2 гектардан алынган түшүмдүн баасы 5 миң сомго жакын. Быйыл аба ырайынын ысык болушуна байланыштуу жыйноо иштери демейдегиден 15–20 күн эрте башталды.

