Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда эки күн боюу өткөн «Мурас» футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Анда «Ден соолук» командасы үчүнчү ирет жеңүүчү болуп, 400 миң сом байгеге ээ болду.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө спорт ден соолуктун жана узак жашоонун булагы экенин баса белгиледи жана командаларга мындан аркы турнирлерде жеңиш каалады.
Ал ошондой эле «Мурас» турниринин 3-ирет жеңүүчүсү болгон «Ден соолук» командасын куттуктады.
Мелдештин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
Биринчи орун «Ден соолук» командасы 400 миң сом байгеге ээ болду.
Экинчи орунга «Ыйман» командасы чыгып, 300 миң сом алды.
Үчүнчү орунду «Президенттин командасы» ээлеп, 200 миң сом байгеге ээ болду.
Төртүнчү орунду «Коопсуздук» командасы ээлеп, 100 миң сомдук сертификат алды.
Үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары да аныкталып, алар 50 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту:
«Мыкты чабуулчу» — 7 гол киргизген президент Садыр Жапаров. Мамлекет башчысы акчалай сыйлыкты «Ыйман» командасына берди.
«Мыкты дарбазачы» — Султан Осмонбеков («Ыйман» командасы).
«Мелдештин мыкты оюнчусу» — Нурлан Турусбеков («Ден соолук» командасы).
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубоктор жана медалдар ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземинин соңунда эстеликке сүрөткө түшүштү.

