27-апрелде Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде шаар күнүнө карата атайын тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу KNMI Facebook баракчасында маалымдалды.
«Программада — башкы каармандардын бири Фрунзе/Бишкек болгон көркөм жана даректүү тасмалардын тандоосу камтылган. Сиз сейрек кездешүүчү кадрларды, архивдик кадрларды жана шаарыбыздын рухун жана кооздугун чагылдырган заманбап тасмаларды көрө аласыз», — деп айтылат маалыматта.
Kyrgyzsoc басылмасы өзүнүн кеңири изилдөөлөрүнүн алкагында «ОКБ ИКИ» уникалдуу архивдик тасмасын тартуулайт. Бул — СССР илимдер Академиясынын космостук илим-изилдее институтунун атайын конструктордук бюросу, ал космостук учуулар учун атайын жабдууларды жасап чыгарган.
«Менин мээримдүү шаарым» (1984) жана «Көз айнекчен адам» (1972) тасмалары көрсөтүлөт.

