05:57
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасы аныкталды

Пайдалуу кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат контрчалгындоо кызматынын аймагында кум-шагыл аралашмасын казууга лицензия берүү боюнча коррупциялык схемаларды демонтаждоого багытталган ыкчам — издөө иш-чараларынын алкагында КР жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен иш жүргүзгөн бир катар компаниялар боюнча маалымат алды.

Тактап айтканда, КР жарандары Ж.М. кум-шагыл карьерлеринин долбоорлоочусу жана Ш.А. Чүй-Бишкек обладминистрациясынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору — жер казынасын пайдалануу жаатындагы КР колдонуудагы мыйзамдык ченемдерин жана талаптарын бузуу менен жеке материалдык баюу максатын көздөшүп, Кытай инвесторлоруна 250 миң долларга мыйзамсыз сатып жиберишкен.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар кармалып, Октябрь сотунун чечими менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесине жайгаштырылды.

Учурд УКМК тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар