20:22
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны болуп өттү

Бишкектеги Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 103 жылдык мааракесине карата эскерүү жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Жогорку Кеңештин депутаттары, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонддун жана Согуш ардагерлер кеңешинин, Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта эркиндик жана тынчтык үчүн жанын берген баатырдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында уюштурулду. Жыйында Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи башкы колбашчысы Абдыгул Чотбаев сөз сүйлөдү.

Катышуучулар Чолпонбай Түлөбердиевдин элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерип, эстеликке гүл коюшту.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG