Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардык милицияга бүгүн, 14-апрелде саат таңкы 04:10до Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1987-жылы туулган тургуну киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ош ШИИБнин ыкчам тобу, жетекчилиги окуя болгон дарекке барып, кароо жүргүзүшкөн учурда аялдын муунтулуп каза болгондугу аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалды. Тергөө кызматынын маалыматына караганда шектүү аялдын үйүнө уурулукка кирип, аялды муунтуп өлтүрүп, унаасын уурдап кеткен.
Маалым болгондой, шектүү мурда окуя орун алган үйдө батир ижарага алып жашап кеткен.
Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.