16:59
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Бишкектеги «Көк-Сай» курулуш базарында өрт чыкты

Бишкектеги Орозбеков көчөсүндө жайгашкан «Көк-Сай» курулуш базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзгөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан алты өрт өчүрүү бригадасы жана штаб тартылган. Окуя болгон жерде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу иш алып барды.

Өрт өчүрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG