Жогорку Кеңештин «Ата — Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Камила Талиева Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиевден карылар үйлөрүндө күтүүсүз текшерүү жүргүзүүнү суранды.
Эл өкүлүнүн айтымында, ага социалдык мекемелердин жашоочуларынан анонимдүү каттар келип жатат.
«Алынган маалыматтарга караганда, алар пенсия алуу үчүн документтерге кол коюуга мажбур болушат, бирок акчаны башка адамдар алып жатышат. Карылар үйү боюнча иликтөө жүргүздүңүзбү? Ал жерде көптөгөн суроолор жаралууда. Ар кандай себептерден улам карылар пенсиясын ала албай жатышат», — дейт Камила Талиева.
Соцфонддун башчысы карылар үйүндө кармалып жаткан пенсионерлер боюнча райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери маалымат алып жатканын жооп берди. Пенсиялар же ишеним кат аркылуу төлөнөт же алуучунун банк картасына которулат.