13:58
USD 87.45
EUR 99.46
RUB 1.07

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Көлбаевге жакын болгон

Атайын кызматтын кызматкерлери Т.К.И. — Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы
Аталган Т.К.И. уюшкан кылмыштуу топтун криминалдык иерархиясында алдыңкылардан болуп, маркум К. Асанбектин тапшырмасы менен анын ар кандай кылмыштуу көрсөтмөлөрүн, анын ичинде опузалап талап-тоноо жана башка өзгөчө оор кылмыштарды аткаргандыгы тууралуу маалыматтар алынган.

Мындан тышкары, анын мүчөлөрү кылмыштуу коомду уюштуруп, кылмыштуу идеологияны карманууну улантып, коомдук коркунучтуу аракеттерди жасашкан.

Алсак, Т.К.И. 2025-жылдын январында топтук тинтүүнү уюштуруу менен КР жарандарынан 1 млн. 300 миң сом суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган. Мындан тышкары, физикалык коркунуч көрсөтүү менен жеке ишкерге таандык 10 миң АКШ долларын жана 60 миң АКШ долларын түзгөн өндүрүш жабдууларын ээлеп алган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Бишкектеги «Халва» кафесинин жанында бычак менен жасалган кол салууга тиешеси бар, мурда УКМК тарабынан кармалган адамдар да, Т.К.И.нин кылмыштуу чөйрөсүнүн мүчөлөрү болгон.

КР УКМК Т.К.И.нын кылмыштуу коомунун мүчөлөрүнө карата алардын кылмыш ишинин башка фактыларын аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG