Бүгүн Бишкекте саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелет:
Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары;
Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;
Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Фучик көчөсү — Казакова көчөсү.
Өчүрүү Запад-2 суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.