«Газпром Кыргызстан» компаниясы Чүй облусунун Новопокровка айылын газдаштыруу боюнча чоң долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда. Компаниядан билдиришкендей, жаратылыш газына кошулуу этап-этабы менен жүргүзүлүп, азырынча 2 миңден ашуун кожолук газ менен камсыз болду.
Жергиликтүү тургундар газдаштырууну көптөн бери күтүп келишкен. Эми алар жаратылыш газына кошула алат, бул алардын тиричилигин бир топ жеңилдетет.
Адина Ниязалиева, Новопокровка айылынын тургуну: «Айылыбызда көпчүлүгү үйлөрүн көмүр, тигүү өндүрүшүнүн калдыктары жана башка таштандылар менен жылытып келчү. Бул экологиялык абалга таасирин тийгизет. Эми баары газга активдүү өтүшөт деп ойлойм. Биз көчөдө биринчилерден болуп үйүбүздү газга туташтырганбыз. Газ экологиялык таза отун гана эмес, эгер заманбап отказан орнотулган болсо, анда газ менен жылытуу көмүр жана отунга караганда алда канча арзан болот».
Новопокровканы газдаштыруу долбоору кызуу жүрүп жатат. Төрт чоң тилкеде жумуштар толугу менен аяктады. Мында узундугу 64 чакырымга созулган газ өткөргүчтөрү жана 18,5 чакырымдан ашык орто басымдагы газ түтүтөрү тартылган. Газдаштыруунун планына ылайык, Новопокровкада газ өткөргүчтөрүнүн жалпы узундугу 144 чакырымды түзөт. Жети миңден ашык кожолук газга кошулууга жеткилик алат.
Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары: «Новопокровканы газдаштыруу 2024-жылы башталган. Жергиликтүү тургундар муну чоң кубаныч менен кабыл алышты. Көбү газга кошулуп башташты, ал эми биз жете элек кварталдарда бул мүмкүнчүлүктү чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бул айылдагы газ өткөргүчтөрүнүн жалпы узундугу 144 чакырымды түзөт. 7 миңден ашуун кожолук газ менен камсыз болот».
Газдаштыруу калкты отундун ишенимдүү жана үзгүлтүксүз булагы менен гана камсыз кылбастан, экологиялык абалды жакшыртууга да өбөлгө түзөт. Жаратылыш газына өтүү башка отундарга (көмүр жана отунга) салыштырмалуу атмосферага зыяндуу заттардын бөлүп чыгышын кыйла азайтат. Бул абанын сапатын жакшыртат жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Адилет Асанбеков, Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: «Новопокровканын тургундары газды чыдамсыздык менен күтүштү. Азыр баары үйлөрүн көгүлтүр отко активдүү туташтырып жатышат. Райондогу эң ири айылдардын бири Новопокровка айылын газдаштыруу — бул биздин инфраструктураны өнүктүрүүдөгү, жашоо сапатын жана бардык жашоочулар үчүн ыңгайлуулукту жакшыртуудагы маанилүү кадам. Бул жерде 25 миңге жакын адам жашайт, жергиликтүү тургундардын жашоосу дагы да ыңгайлуу болот деп ишенем».
Жаңы райондорго газ берүү Республиканын башкы газдаштыруу схемасына жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасына ылайык жүргүзүлүүдө. 2014-жылдан баштап компания 1,4 миң чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармактарды куруп, 54 калктуу конушка көгүлтүр от жеткирди. Натыйжада дээрлик 300 миң адам газга кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, ал эми аны керектөөнүн көлөмү 2,5 эсеге өстү.