08:31
USD 87.45
EUR 99.89
RUB 1.04

«Ош» пансионатынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

«Oш пансионаты» мекемесинин жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Кыргызстан кесиптик бирлигинин «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын «Oш пансионаты» мекемесине тийиштүү 1,5 га жер тилкеси 2015-2018-жылдар аралыгында 31 жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, баасы 189,7 млн сомду түзгөн 1,5 га жер тилкеси кайтарылды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. "Ош" пансионаты

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG