16:41
USD 87.45
EUR 99.89
RUB 1.04

Ботаникалык бакча реконструкциядан кийин кандай болот?

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакча реконструкциядан кийин кандай болоорун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу көрсөттү.

Анын айтымында, көп жылдан бери кароосуз калган бул аймак, тилекке каршы, коопсуздугу начарлап, кылмыштар көп катталган жерге айланып калган экен. Жакында эле жапайы жаныбарлар, анын ичинде чөөлөр дагы бул аймакты байырлап калган учурлар катталды.

Туманбаев белгилегендей, эми аталган бакчага көңүл бурулуп, айлана-тегереги иретке келтирилет. Тосмолор алынып, жарыктандыруу системасы орнотулат, тротуарлар жаңыланып, шаар тургундары менен коноктору үчүн сейилдеп, эс ала турган коопсуз жана жагымдуу шарттар түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG