Абсамат Масалиев көчөсүнөн Жаштар кварталга чейинки (1-этап) жол оңдоо иштерине байланыштуу 5-апрелде Бишкектин Токтоналиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
№ 175 автобустун каттамы өзгөрөт. Ал убактылуу Масалиев, Бакаев жана Абдрахманов көчөлөрү аркылуу Ынтымак турак жай комплекси — Калыс Ордо турак жай комплекси багытында өтөт.
Жол тыгынын болтурбоо үчүн шаар мэриясы каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.