Ош облусунун Кара-Суу районунда эки кабаттуу үйү бар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Кыймылсыз мүлк мыйзамсыз алынган жана жеке менчикке чыгып кеткен мамлекеттик объекттерди жана жер тилкелерин аныктоо, мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында кайтарылды.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2004-жылы Кара-Суу раймамадминистрациясынын айрым кызмат адамдары администрациясынын аймагында жайгашкан жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга көмөк көрсөткөнү аныкталган. Жеке менчикке өткөндөн кийин аталган жерге эки кабаттуу коомдук тамактануучу имарат курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келген.
Учурда бул багытта тиешелүү иш-чаралар уланууда.