23:21
USD 87.39
EUR 96.36
RUB 1.01

Жети-Өгүздө 145 гектар жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2008-жылы жеке адамга өтүп кеткен жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

УКМК багыты боюнча пайдаланылбаган жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Алсак, 2008-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен Ысык-Көлдүн жанындагы 195 га жер тилкеси жеке адамга айыл чарба багытында пайдаланууга, алма бак тигүү максатында өткөрүлүп берилгени аныкталган. Бирок, көрсөтүлгөн мезгилде 50 га гана өздөштүрүлүп, максаттуу багыты боюнча пайдаланылган, ал эми калган 145 га такыр пайдаланылбай калган.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы
Жогорудагыларды эске алуу менен, жер тилкесине ээлик кылуунун мыйзамсыз экенин жана ал максатсыз пайдаланылганын түшүнүп, менчик ээси ыктыярдуу негизде 145 га жерди Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып берди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG