16:50
USD 86.77
EUR 95.38
RUB 1.03

Бишкекте жаңы Жер кодексине каршы тынчтык митинги өттү

Бишкекте жаңы Жер кодексинин кабыл алынышына нааразы болгон жарандардын тынч жыйыны өттү.

Иш-чара бүгүн, 1-апрелде Горький сейил багында болуп, ага 50-70тей адам чогулду. Алар жаңы кодекстин кабыл алынышына каршы чыгышууда. Алардын ою боюнча, бул азыркы мыйзамдарга жана өлкөнүн Конституциясына каршы келет. Мисал катары «Кыргызстан-1» турак-жай комплексиндеги имараттардын бузулушун мисалга келтиришти.

«Ал жердегилерге соттун чечими менен компенсация төлөнүп, андан да көп акча төлөнүшү керек болчу. Бул мыйзам чегинде иш алып барсаңар. Болбосо мунун баары мыйзамсыз», — дейт уюштуруучулардын бири.

Мындан тышкары чогулгандар өлкө президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, элдин үнүн угуп, алардын кызыкчылыгына каршы иш кылбоо өтүнүчү менен кайрылышкан. Айрыкча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган кодекстин долбооруна Садыр Жапаровдун вето коюусун талап кылышууда. Тактап айтканда, «мамлекет жарандардын жер тилкелерин тартып ала алат» деген берене.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтарып берүүнү суранып, андан соң жерлерди өз ыктыяры менен жана сот аркылуу гана алып коюуну өтүнүп, компенсациянын наркын тараптар аныктай турганын, ал эми анын баасы сот аркылуу аныктала электигин түшүндүргөн. Жыйынтыгында 13-февралда эл өкүлдөрү Жер кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдошкон.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG