Хожент шаарынын борбордук стадионунда Нооруз эл аралык майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Чогулгандардын алдында үч мамлекеттин башчылары — Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чыгып сүйлөштү.
Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттик чек араны укуктук жактан бекемдөө — бул жөн гана саясий-укуктук процесс эмес, бул деген ынак коңшулукка, туруктуулукка, коопсуздукка жана биргелешип өнүгүүгө карай жасалган маанилүү кадам экенин баса белгиледи.
Ал Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанды географиялык абалы гана эмес, жалпы тарыхы, руханий салттары жана эң негизгиси — жалпы келечеги да байланыштырып турганын айтты.
Кыргызстандын президенти чек ара маселелерин жөнгө салуу акыркы жылдардагы негизги жетишкендиктердин бири болгонуна басым жасады. Саясий эрк жана өз ара ишеним аркылуу өлкөлөрдүн лидерлери бул татаал жана абдан маанилүү маселени жоопкерчилик менен натыйжалуу чече алышты.
«Биздин элдерибиз бейпил турмушта жана ынтымакта жашап, жаратман эмгек менен алектенип, келечекке пландарды түзө алышат. Бул контекстте жаңыланууну, тынчтыкты жана биримдикти символдоштурган Ноорузду чогуу майрамдоо өзгөчө мааниге ээ», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров: «Үч дарак жанаша өсүп, тамыры менен бир жерди көгөртүп, бекемдейт» деген накыл кепти келтирди. Ал белгилегендей, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан бул дарактарга окшош, алардын күчү биримдикте, бутактары келечекке карай тартылып, тамыры болсо достуктун жана ынтымактын топурагын азыктандырат.
Расмий бөлүктөн кийин Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусунда салтанат концерт менен уланды.