Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине тиешелүү бир катар тескемелерге кол койду.
Кол коюлган документке ылайык, Алмазбек Примов аталган департаменттин директору кызматынан бошотулду. Мындай чечим анын жеке билдирүүсүнө негизделген.
Ошол эле учурда мамлекет башчынын башка тескемеси менен Тимур Малбашев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.
Буга чейин ал акционердик коомдор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.