Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн 8 миллион сомдон ашык суммага лабораториялык жабдууларды тапшырды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жабдуулар ооруларга эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана өлкөнүн лабораториялык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу үчүн берилди.
Бул салым Кыргызстандын жугуштуу оорулардын чыгышын өз убагында аныктоо, алдын алуу жана аларга жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталат.
Лабораториялык жабдуулар үч саламаттык сактоо мекемесине: Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборуна жана Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна өткөрүп берилди. Жакынкы убакта жабдуулар Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча республикалык борборго өткөрүлүп берилет.
Жабдуулар топтомунда микробиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ламинардык кутулар, серологиялык жана ПЧР (ПЦР) анализдерин сактоо үчүн лабораториялык муздаткычтар, буу менен иштөөчү стерилизаторлор жана башкалар кирет. Өткөрүп берилген жабдуулар кызамык, гепатит, өзгөчө кооптуу инфекциялар жана башка жугуштуу ооруларды аныктоо жана диагностикалоо иштерин жакшыртат.
Лабораториялык жабдууларды сатып алуу Пандемиялык фонддун «Бирдиктүү саламаттык» долбоорун ишке ашыруунун алкагында мүмкүн болду, бул демилге саламаттык сактоо коопсуздугун чыңдоо жана пандемияларга даярдык көрүү боюнча глобалдык аракеттерге шайкеш келет.
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, бул демилгенин маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Бул жабдуулар Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасына узак мөөнөттүү инвестиция болуп саналат. Бул лабораториялардын өз убагында диагноз коюу жана эпидемияларга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өбөлгө түзөт», — деди ал.
ДССУ Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасын мындан ары да техникалык көмөк көрсөтүү жана лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо жана саламаттыкты сактоодогу өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу аркылуу колдоону улантат.