09:36
USD 86.40
EUR 93.13
RUB 1.03

Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Кыргызстандык Раззак Бейшекеев күмүш медаль утту

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу United World Wrestling сайты жазууда.

Маалыматка ылайык, 67 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык балбан финалда Олимпиада чемпиону ирандык Саид Эсмаилиге утулуп калды — 0:3.

60 килограмм салмакта дагы бир мекендешибиз Акыл Сулайманов коло үчүн күрөштө жеңилип калды.

Бир күн мурун Ырыскелди Максатбек уулу 77 килограммга чейинки салмак ченинде 3-орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионаты 30-мартта жыйынтыкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG