Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси реконструкциядан кийин кандай болоорун жана кеңейтүү иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүрүп жатканын президенттик иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жол 6 тилкелүү болот, түнкү жарыктандыруулар жаңыланат, ирригациялык тармактар реконструкцияланат.
«Төрт тилкелүү жолду алты тилкеге чейин кеңейтип, жакшы жарыктандырабыз. Буга чейин суу лоток аркылуу агып келсе, азыр жер астындагы дренаж болот. Велосипед жана жөө адамдар өтүүчү жолдор өзүнчө болот, анткени буга чейин алар бири-бирине жанаша болуп, жөө жүргүнчүлөр менен скутерлердин кагылышуусу көп катталып турган», — деди ал.