«Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан, мурда «Рыбачы эт комбинаты» болуп саналган, аянты 10,7 га болгон «Балыкчы эт комбинаты» ЖЧКсынын 100% акциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун менчигине өткөрүлдү.