Аламүдүн районунун прокурору болуп Максат Камбаралиев дайындалды. Маалыматты 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.
Ушул убакка чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын борбордук аппаратында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген.
Эске сала кетсек, Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Жамалбек Сатыбалдиев 19-мартта Бишкекте 2,5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал соттолуучудан соттун оң чечими үчүн акча талап кылган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.