Бишкекте 175 миллион сомдук заманбап мал базары жана мал союучу жай курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев заманбап мал базар жана мал союучу жайды камтыган «Алтын казык» комплексинин курулушу менен таанышты. Анда ал учурда мындай шаар калкын тейлөөчү комплекс абдан маанилүү экенине токтолду.
— Азыр баарыңыздарга белгилүү болгондой Бишкек шаары ири мегаполистке айланды. Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек мурдагыдан да чоңоюп, 1,5 миллионго чукул калкты камтып турат. Мындай шартта биз шаарды сапатуу эт азыктары менен камсыз кылуучу, ошол эле маалда эл аралык санитардык-ветеринардык талаптарга жооп берген, азык-түлүк коопсуздук чараларын алдын-алган заманбап мал базарга, касапканага муктаждыкты чечип жатабыз.
Бул жаатта Ата Мекендик инвесторлор, өзүбүздүн ишкерлер бул комплексти куруп, шаар элине сапаттуу кызмат көрсөткөнү турат. Биз өкмөттүн деңгээлинде жардамдашып, ошол эле маалда курулуштун талаптарын көзөмөлдөп, тыгыз кызматташып жатабыз. Буюрса, бул комплекс ушул жылы ишке кирип, Бишкектин ичиндеги санитардык нормаларга шайкеш келбеген, мал базарлар, касапканалар жабылат. Биз экологиялык таза, ветеринардык талаптарга жооп берген малдарды, санитардык коопсуз эт азыктарына калктын жетүүсүнө шарт түзөбүз, — деп билдирди Төрөбаев.
Эске сала кетсек, «Алтын Казык» мал базары ичине ири мүйүздүү майда малдарды союучу касапканасы менен жалпы 3,7 гектар аянтты ээлеп, 2025-жылдын май-июнь айларында ишке берилмекчи. Учурда курулуш иштери дээрлик 40 %га аткарылган. Инвестициянын көлөмү 175 000 000 сомду түзөт.