Кремлдин сайты Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондук сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу кабарды жарыялады. Бул тууралуу Би-Би-Си жазат.
Кремлдин айтымында, лидерлердин ортосундагы бирден бир реалдуу келишим Путиндин Трамптын жаңжалдын эки тарабына 30 күн боюу энергетикалык инфраструктура объектилерине сокку урбоо сунушуна макул болушу болду.
«Владимир Путин бул демилгеге оң жооп берип, дароо орус аскерлерине тиешелүү буйрукту берди», — деп айтылат билдирүүдө.
Кремлдин билдирүүсүндө Украина Вашингтондун басымы астында макул болгон 30 күндүк ок атышууну токтотууга жол ача турган конкреттүү келишимдер тууралуу маалымат жок.
«Орусия президенти чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү боюнча принципиалдуу милдеттенмесин ырастап, ар тараптуу, туруктуу жана узак мөөнөттүү болушу керек болгон жөнгө салууга жетишүүнүн мүмкүн болгон жолдорун кылдат изилдөө үчүн америкалык өнөктөштөрү менен иштешүүгө даяр экенин билдирди», — деп айтылат билдирүүдө.
Путин ошондой эле каатчылыктын түпкү себептерин жана Орусиянын коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдуу кызыкчылыктарын жок кылуунун абсолюттук зарылдыгын эске алууга чакырды.
Кремль дагы эмнелерди билдирди:
Путин Трампка «175ке 175» формуласы боюнча 19-мартта Украина менен Орусиянын ортосунда пландалган согуш туткундарын алмашуу тууралуу айтты.
Мындан тышкары Орусия «жакшы ниет катары» оор жарадар болгон 23 украин аскерин Киевге өткөрүп берерин билдирди.
Путин менен Трамп «Жакынкы Чыгышты мындан аркы чыр-чатактарды болтурбоо үчүн потенциалдуу кызматташуу аймагы катары кеңири талкуулашты».
Ошондой эле стратегиялык куралдарды таркатууну токтотуунун зарылдыгын талкуулашты.
АКШ менен Орусиянын лидерлери «Иранга Израилди жок кылуу мүмкүнчүлүгү эч качан берилбеши керек» деген бүтүмгө келишти.