АКШ президенти Дональд Трамп бүгүн, 18-мартта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөт. «Рейтер» агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу америкалык лидер Флоридадан Вашингтонго бараткан учакта журналисттерге айтты.
Маалыматка караганда, Трамп журналисттерге орус лидери менен сүйлөшөрүн, анда Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси караларын билдирген.
«Согушка чекит коё аларыбызды талкуулайбыз. Балким токтото алабыз, балким жок. Бирок жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ойлойм», — деп айткан Трамп.
Интерфакс белгилегендей, Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Россия 1» телеканалынын «Москва. Кремль. Путин» программасына жооп берип жатып, эки президенттин телефон сүйлөшүүсү 18-мартка пландалганын бышыктады.
Бирок күн тартибин ачыктаган жок