01:48
USD 87.40
EUR 95.11
RUB 1.02

Жаңы гимн. Сынакка 564 материал түшүп, анын 91и катталган

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстандын жаңы гимнинин иштеп чыгуу сынагы алкагында арыздарды кабыл алууну улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, бүгүнкү күндө 388 жарандан, 564 иш кабыл алынган.

«Анын ичинен 91и талаптарга толук жооп берип, каттоодон өттү», — деп түшүндүрдү Маданият министрлиги.

Алгач арыздарды 20-мартка чейин кабыл алуу пландалып, бирок 17-февралда комиссиянын иши 21-апрелге чейин узартылган.

Гимнди кайра 2024-жылы өзгөртүү тууралуу сөз болгон. Октябрь айында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу азыркы гимнди аткаруу кыйын экенин айтып, жаңы гимн кабыл алуу зарылдыгын билдирген. Кийин бул идеяны өлкөнүн президенти да колдогон.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG