19:16
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Кытайдан мыйзамсыз ташылып келген картошка артка кайтарылды

Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 26 тонна картошка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй облусундагы башкармалыгы Кытайдан кирген 26,13 тонна картошканы карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөргөн. Жыйынтыгында жүктө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.

Евразиялык экономикалык биримдигинин комиссиясынын биримдиктин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, жүктүн таңгагында тиешелүү маркировканын жоктугуна байланыштуу 26,13 тонна картошка жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар