Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде АКШ элчиси менен миграция жана санкция маселелери талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен АКШ элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусу болду. Ага экономика жана соода министринин орун басары Назарбек Малаев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык жана техникалык өз ара аракеттенүү, миграциялык жана санкциялык маселелер, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык демилгелерге катышуусу тууралуу талкуулашты.
Кыргыз тарап бул маселелер боюнча тең салмактуу чечимдерди табуу үчүн диалогду улантууга кызыкдар экенин билдирди. элчи Лесли Вигери АКШнын кыргыз тарап менен эки тараптуу механизмдердин алкагында кызматташууга даяр экенин ырастады.
Жолугушуу конструктивдүү жана ишкер маанайда өттү.