Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында санариптештирүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып жатканда анын кыргыз тилин жакшы билбегени бир катар депутаттардын нааразычылыгын жаратты.
Азамат Жамангулов мамлекеттик тилде сүйлөгөнгө аракет кылды, анткени мурдагы министр Нурия Кутнаеваны билбегендиги үчүн депутаттар дайыма урушуп келишкен.
Депутат Балбак Түлөбав Жамангуловдон «кыргыз тилин орус тили менен аралаштырып, кыйнабасын» өтүндү. Же орусча, же кыргызча сүйлө деп суранды.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Жамангулов санариптештирүү министрлигинин атын да кыргызча билбей калганына нааразы болду.
Министрликке талапкер орусча сүйлөй баштаганда, депутаттар буга да нааразылыгын билдиришти.
Эске сала кетсек, Нурия Кутнаева санариптештирүү министри кызматынан бошотулган жана министрдин милдетин аткаруучу болуп, бөлүмдүн жетекчиси Азамат Жамангулов («Mega» мобилдик компаниясынын санариптик кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы) дайындалган.